БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россия Украина боюнча натыйжалуу сүйлөшүүлөргө даяр жана алардан баш тартпайт. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова РИА Новостидеги маегинде билдирди.
“Албетте, Россиянын жетекчилиги дайыма баса белгилеп келгендей, биз сүйлөшүү процессине, реалдуу эффект жана чыныгы жыйынтык бере турган байланыштарга ачыкпыз”, — деди Захарова.
Агенттиктин маектеши ошондой эле азыр Украина боюнча сүйлөшүүлөргө америкалык тараптан жооптуу адамдардын көңүлү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга толук бурулуп кеткенинкошумчалады.
“Бирок дагы бир жолу айтам, биз сүйлөшүү процесси, байланыштар жана биз жарыялаган жыйынтыкка багытталган жолугушуулар концепциясынан баш тарткан жокпуз”, — деди ТИМ өкүлү.
Россия Украина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. РФ АКШ сунуштаган тынчтык планын талкуулоого да катышууда, бирок Киев режими сүйлөшүүгө канчалык даяр экенинен күмөн саноодо.
Президент Владимир Путин Москва узак мөөнөттүү жөнгө салууну гана колдой турганын баса белгилеген. Мамлекет башчысынын айтымында, ага жаңжалдын түпкү себептери жоюлгандан кийин гана жетишүүгө болот. Алардын катарына НАТОну кеңейтүүдөн улам пайда болгон улуттук коопсуздукка коркунучтар жана Украинадагы орус тилдүү калктын кысымга алынышы кирет.