БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Ошко Өчпөс оттун бир бөлүгү жеткирилди. Аны белгилүү россиялык дарыгер жана теле алып баруучу Андрей Продеус алып келди.
6–7-май күндөрү Кыргызстанда “Эскерүүоту” аттуу эл аралык акция өтөт. Россиядагыэң ири коомдук кыймыл болгон “Народный фронт” уюмунун активисттери Россотрудничествонун колдоосу менен республикага Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттон жагылган чырактарды алып келишет.
Москвада акция 5-майда старт алган. Анын катышуучулары Өчпөс оттун бөлүкчөлөрүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө жеткиришет.
Бишкекке “Эскерүү отун” синхрондук сүзүү боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону, теле алып баруучу, актриса жана “Суу театрын” жетектеген Мария Киселёва алып келет.
Борбор калаада “Эскерүү отун” тапшыруу аземи Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта өтөт. Бул — Улуу Ата Мекендик согуштун элесине байланышкан шаардагы жаңы жайлардын бири. Азем бүгүн болот.
Ошто да азем бүгүн Ю. А. Заднепровский атындагы сквер аймагындагы Өчпөс от мемориалында өтөт.
Мария Киселёва — россиялык спортчу, теле алып баруучу, синхрондук сүзүү боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ошондой эле ал Москва шаардык думасынын VII жана VIII чакырылыштарынын депутаты, театр, балет жана синхрондук сүзүү айкалышкан уникалдуу чыгармачыл жана спорттук долбоор болгон “Орус суу театрынын” негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси.
Андрей Продеус — педиатр дарыгер, иммунолог, аллерголог, медицина илимдеринин доктору жана теле алып баруучу. Ал Биринчи каналдагы “Жить здорово!” телеберүүсүнө катышуу аркылуу кеңири таанылган. 2023-жылы Продеус Москва облусунун Мытищи шаарындагы Балалык илимий-клиникалык институтунда аллергология жана иммунология бөлүмүн ачкан.
Кыргызстанда акция Россотрудничество уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан республикалык жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Волонтеры Победы”кыймылы, “Гармония” маданий борбору, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому жана башка ыктыярчы, ардагерлер уюмдары менен биргеликте уюштурулган. “Эскерүү оту” салынган ар бир чырак Жеңиш күнүнө арналган эскерүү жана агартуу иш-чараларында жалпы тарыхый эстутумдун символуна айланат.