Кыргызстанда автоунаанын жүргөн чакырымын бурмалагандарды жазалоо сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев автоунаанын жүргөн чакырымын азайтып көрсөтүү үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, азыр айрымдар унааны кымбатыраак сатуу үчүн одометрдеги көрсөткүчтү атайын азайтып, сатып алуучуларды алдап жатышат. Мындай кызматтар ачык эле жарнамаланып, болжол менен 2000 сом турат.
Депутат башка өлкөлөрдө мындай аракет үчүн жаза каралганын белгилеп, бир катар автоунаа ээлеринин өтүнүчү менен кодекске өзгөртүү даярдаганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору жакын арада коомдук талкууга чыгарылат.
Өлкөдө автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча дагы бир өнөктүк өтүшү мүмкүн