Айрым "кылмышкер" балдар менен эне-баладай катышам. Башкы инспектордун маеги

Бул жолу Sputnik Кыргызстан ИММдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы Нуржан Адылованы кепке тартты.
Sputnik
Дээрлик 30 жыл милицияда эмгектенген айым учурдагы балдардын үч көйгөйүн айтты. Биринчиси, ата-энеси менен баарлашуу жок, көңүл бурулбаган балдар бар. Алар көбүнчө кылмыш жасап, туура эмес жолго түшүп кетишет. Экинчиси — балдарга карата зордук-зомбулуктун барган сайын көбөйүп жатканы, ал эми үчүнчү көйгөй, учурдун эң талуу маселеси — бул балдардын үйдөн качууну адатка айланткандыгы. Адис бул көйгөйлөр ата-эне балага кылдат көңүл бурбагандан келип чыгарын түшүндүрдү. Айтымында, үйдөн көңүл албаган бала аны көчөдөн издеп баштайт.
Адылова инспектор болуп иштеп жүргөн оор жылдарга да токтолду. 1995-2000-жылдардагы элдин кыйын турмушу, анда оорчулукту көргөн балдар тууралуу да баяндады.
Андан ары маектеш кесиби аркылуу өз уулундай болуп калган балдарды тапканын да айтып берди. Мисалы, 1994-жылы үй-бүлөдөгү оор шарттан улам уурулук, тоноо, дагы башка кылмыштарга аралашып жүрүп, шарттуу түрдө кесилген баланы атайын-кесиптик лицейге окууга киргизген. Бул жол баланы оңдоп кеткенин кийин сантехник болуп иштеп жүргөндө көргөн. Ушул сыяктуу дагы башка балдар менен эне-баладай катышып калганын да жашырган жок.