Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?

Sputnik
Бир караганда кооз таңгакталган даяр тамак коопсуз көрүнүшү мүмкүн. Бирок анын ичинде канчалык деңгээлде сапат сакталганын ар ким эле байкай бербейт. Жарактуулук мөөнөтүнүн өзгөртүлүшү, туура эмес сактоо жана жашырылган бузулуу белгилери — бул керектөөчүлөр үчүн олуттуу тобокелдик. Биз тамак-аш коопсуздугу жана жылуу мезгилде тамак-аштан уулануунун алдын алуу жолдору тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин жалпы гигиена боюнча врачы Аида Алимбекова менен кеп кылдык.