Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын инженердик инфраструктурасынын абалы жана ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турат. “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасындагы негизги курулмаларынын 80 пайыздан ашыгы эскирип, суу түтүктөрү, канализация системалары жана скважиналар олуттуу жаңыланууну талап кылууда. Бул жагдай шаар тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле келечектеги суу тартыштыгынын алдын алуу маселесин күн тартибине чыгарып жатат. Ушул шартта инфраструктураны модернизациялоо, инвестиция тартуу, тарифтик саясат жана калктын өсүп жаткан керектөөсүн камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелер өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Бул маселе тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Алибек Канымет уулунан кененирээк маалымат алдык.