Жумаш Асаналиевдин баатырдыгы. Жоокердин кылымга калган эрдиги тууралуу тасма

1944-жылы Беларусь аймагында кыргыз жоокери курман болгон. Ал жолдошторун калкалап, душмандын чабуулун пулемет менен токтотуп турган. Ок-дарысы түгөнгөндө акыркы гранатасын колдонуп, өзү менен кошо жакындаган душманды да жардырган.
Sputnik
Бул — Жумаш Асаналиев. Ал Ысык-Көлгө жакын Отуз-Уул айылынан өз ыктыяры менен согушка кеткен. Курман болгонунан бери 82 жыл өтсө да өмүр баянында табышмактуу учурлар көп.
Болочоктогу баатыр эмнеге бөтөн үй-бүлөдө тарбияланган? Агасынын аялы жеңесине жазган каттары кайда жоголуп кетти? Дагы бир кызыктуу учур — эски тамды түрттүрүп жатканда айылдаштары көп акча катылган жайды тапкан.
Бул тасмада биз баатырдын өмүр жолун анын туулган жеринен тартып, Беларустагы Батыш Двина дарыясынын жээгине чейин изилдөөгө аракет кылдык. Дал ошол жерде Жумаш Асаналиев акыркы салгылашын өткөрүп, көмүлгөн.