ЖК төрагасы: Кыргызстандын тарыхы — мамлекеттин туруктуу моделин издөө

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандын тарыхы, айрымдар көрсөткүсү келгендей, саясий конъюнктурага жараша "Конституцияны кайра-кайра жазуу" тарыхы эмес. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Баш мыйзамдын күнүнө карата куттуктоосунда айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кыргызстандын Конституциясы — элдин эркин, тарыхый тажрыйбасын жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган өзгөчө маанилүү документ. Биздин милдет – анын талаптарын сактоо менен мыйзам үстөмдүгүн бекемдеп, мамлекеттик институттарды өнүктүрүп, жарандардын ишенимин арттыруу", — деди төрага.
Ал Баш мыйзамдын түптөлүшү жана баскан жолу оңойго турбагандыгын эске салган.
"Бул — изденүүнүн тарыхы. Мамлекеттин туруктуу моделин издөө. Эркиндик менен тартиптин, укук менен жоопкерчиликтин, коомдун күтүүлөрү менен мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту издөө. Бул изденүү оңойго турган жок. Ал ишеним кризистери, каталар жана кайра куралуулар аркылуу өттү. Бирок дал ушул себептен ал чыныгы, теориялык эмес, турмуштук сыноодон өткөн изденүү болду, — деди парламент спикери.
Маматалиев Баш мыйзамды так сактоо менен гана жаркын келечекти курууга болорун кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн эгемен Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 33 жыл болду.
Ар бир беренени урматтоо — милдетибиз. Жапаров Баш мыйзам күнү менен элди куттуктады