"БАЭдеги мунай аймактарын өрттөдү". Тегеран АКШнын кылгандарын ачыктап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирликтериндеги мунайдын аймагын америкалык аскер кызматкерлери өрттөгөн. Бул туурасында Тегерандагы аскердик маалымат булагы IRIB телерадиокомпаниясына билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ирандын мунай объектилерине кол салуу планы болгон эмес. Окуя — Ормуз кысыгына кемелерге жол ачуу максатында жөнөтүлгөн америкалык аскерлердин авантюристтик аракеттеринин кесепети. Бул окуя үчүн дал ошолор жооп бериши керек", — деген ал.

Буга чейин Эмирликтердин бийлиги Фужейрадагы мунай аймагына чабуулдарга Иранды айыптаган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги баллистикалык 12 жана канаттуу үч ракета, ошондой эле учкучсуз төрт аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Күйүүчү майдын баасы дүйнөдө дароо жогорулады. Алсак, Brent маркасындагы мунайдын баасы 5,5 пайызга кымбаттап, баррелине 114 доллардан ашты
Февралдын аягында АКШ менен Израилдин аскердик операциясы башталгандан тарта Иран армиясы Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга сокку уруп келет. 4-майда Иран тарап Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган АКШнын кемелерине эскертүү иретинде ок атканын билдирди. Бул кадам элдешүү келишимин бузуу катары бааланууда.
Вашингтон Тегерандын бул айткандарын четке кагууда. Мындан бир аз мурда Кошмо Штаттар кысыктан болгону АКШ желеги илинген эки соода кемеси өткөнүн кабарлаган. Ал эми кечээ Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп "Эркиндик долбоору" (Project Freedom) операциясы башталганын жарыялады. Буга ар кайсы өлкөлөрдүн өтө албай калган кемелерди чыгарып берүүнү АКШдан өтүнгөнү себеп болгону айтылды.
Өткөн жумада Вашингтон маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин элдешүү мөөнөтүн бир тараптуу узартты. Бирок диалогдон майнап чыккан жок. АКШ Ирандын портторуна блокада жарыялап, аны кепке келгенден соң токтоторун билдирди. Тегеран буга жооп кылып Ормуз кысыгын жаап жана мындан ары эч кандай байланышка чыкпай турганын айтууда.
Трамп Ормуз кысыгында операция баштаарын жар салды. Ирандын жообу