БИШКЕК, 5-май — Sputnik.Кыргызстандын ат спорту боюнча курама командасы Ташкентте өткөн Евразия лигасынын дүйнө кубогунун этаптарында төрт медаль менен кайтты. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Екатерина Каркавцева күмүш, ал эми Ринат Галимов алтын алтын жана коло медаль тагынды. Алтындын бирин кыргызстандык спортчу Казакстандын өкүлү менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, аталган мелдештерде дүйнө кубогунун финалына жана ат спорту боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо берүүчү рейтингдик упайлар ойнотулат.