Кыргызстан Сейшел Аралдары менен алаканы кеңейтүүгө кызыкдар

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Сейшел Аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Алар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоону, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады.
Андан сырткары, инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечеги тууралуу кеп кылышты.

"Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле "Тамчы" атайын каржылык инвестициялык аймагы жана "Учкун" ААКсы менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров Сейшел аралдарынын президенти Патрик Эрминиге салам жолдоп, аны ыңгайлуу убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Кыргызстан менен Сейшел Аралдары өз ара визасыз режим киргизүүдө