Кайгуул милициянын кызматкери сууга секирген чет элдик кызды сактап калды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Түндө Бишкектин батышында Кайгуул милициясынын кызматкери көпүрөдөн сууга боюн таштаган чет элдик кыздын артынан кошо секирип, аман алып калды. Бул туурасында кабарлаган аталган башкармалык окуянын видеосу менен бөлүштү.
Аларга маалымат болжол менен 20:30да түшкөн. Кыз Шабдан баатыр менен Ауэзов көчөлөрүндөгү көпүрөдөн Чоң Чүй каналына секирүү ниетинде турганын айтышкан.
Кызды оюнан айнытуу үчүн жасалган аракеттер майнап берген эмес. Ал жерге жетип келген кайгуулчулардын бири сууга секирип, кызды куткарып калган.
Баткенде кудуктан чыга албай калган киши 16 күндөн кийин куткарылды