Кара-Балтада ресторандын бастырмасы урап 19 жаштагы улан каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кара-Балтадагы ресторандардын биринде бастырма урап, 19 жаштагы улан көз жумду. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Кырсык кечээ, 4-майда, болгон. Ал ошол жерде администратор болуп иштеген.
Жамгырдан улам жайкы аянтчадагы тентке суу толуп, андан соң дубалга сиңип, анын кесепетинен дубал кулап, бул кайгылуу окуя болгон.
Милициядан экспертиза дайындалганы кошумчалашты.
Сүлүктүдөгү шахтада кенчи уранды алдында калып каза тапты