ЖМК: АКШнын аскерлери коштоп Ормуз аркылуу кемени алып өтүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Америкага таандык болуп (анын желеги астында) сүзүп бараткан даниялык компаниянын контейнер ташуучу кемеси америкалык аскерлердин коштоосунда Ормуз кысыгынан өттү. Бул тууралуу даниялык TV2 телеканалы компаниянын билдирүүсүнө таянып кабарлаганын РИА Новости жазды
Телеканал Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталган учурда (февралда) бул соода кемеси Перс булуңунан чыга албай калганын билдирген. Жакында АКШ армиясынан компанияга чыгышып, кемени Ормуз кысыгынан коштоп өтүүнү сунуштаган.

"Кеме АКШ аскерлеринин коштоосунда Перс булуңунан чыгып кетти", — деп маалыматта айтылат.

Судно Ормуз кысыгынан эч кандай тоскоолдуксуз өткөнүн да жазышты.
3-май күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында камалып калган кемелерге жардам берүү максатында "Эркиндик долбоору" (Project Freedom) операциясын жарыялаган. Буга жооп катары Ирандын "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын башчысы Али Абдоллахи Тегеран АКШны Ормуз кысыгына жакындабоону эскертерин жана америкалык күчтөргө сокку урууга даяр экенин билдирген.
Ирандагы абал Перс булуңундагы мамлекеттерден дүйнөлүк рынокко мунай ташылган маанилүү маршрут — Ормуз кысыгынын дээрлик бөгөттөлүшүн шарттады. Мындан тышкары, нефть казууга жана экспорттоого кедергисин тийгизип жатат. Кысыктын жабылышынан улам бир катар мамлекеттерде мунайдын баасы көтөрүлүп, кымбатчылык байкалууда.
Иран президенти: АКШнын деңиздеги чектөөлөрү дүйнөнүн туруктуулугуна доо кетирүүдө