Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согушта ага лейтенант наамына чейин жеткен Султан Сарыбаев 1943-жылы башына алган жаратынан улам кайтыш болгон. Ал согушка чейин орусча жакшы билген, атайын мектепте окуп билим алып, Ысык-Көлдө коллективдештирүү ишине ийгиликтүү катышкан. Билимдүүлүгү менен командирлерге көрүнүп, согушта жоокерлерге дем-күч берүү, окутуу жаатында саясый иш алып барган. 34 жашында каза болгондугу тууралуу кара кагаз келгени менен кайсы жерге көмүлгөнү 2012-жылдары гана белгилүү болгон. Учурда анын сөөгү айтылуу “боордоштор күмбөзүндө” жатат. “Туяк” программасында небереси Замирбек Султанов чоң атасын эскерип, Султан Сарыбаев тууралуу болгон маалыматы менен бөлүштү.