Мекенибизде кечки саат 5. Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар. АКШнын аскерлери коштоп Ормуз аркылуу кемени алып өтүп кетти Бишкекте «Мектеп лигасынын» республикалык оюндары старт алдыКыргызстан Сейшел аралдары менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Алдыда кененирээк... Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле туризм, инвестиция, санариптик технологиялар жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө умтуларын белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан, бул багытта чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Мындан тышкары, жолугушууда «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жана Учкун ААК аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров Сейшел аралдарынын президенти Патрик Эрмини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Бишкекте «Мектеп лигасынын» республикалык оюндары старт алдыБорбор калаада Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында волейбол, баскетбол жана футбол боюнча «Мектеп лигасынын» республикалык оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Иш-чарага агенттиктин директору Урмат Асанбаев, машыктыруучулар жана мектеп окуучулары катышты. Ачылыш аземинде Урмат Асанбаев катышуучуларды оюндардын башталышы менен куттуктап, бул долбоор жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи. Ал спортчуларга ийгилик, таза атаандаштык жана жогорку жыйынтыктарды каалады.«Мектеп лигасынын» республикалык оюндары окуучулар арасында өткөрүлүп, өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана алардын таланттарын өнүктүрүү максатын көздөйт.Финалдык оюндар 8-майга чейин уланат.Байге фонду:1-орун — 500 000 сом;2-орун — 300 000 сом;3-орун — 200 000 сом.
АКШнын аскерлери коштоп Ормуз аркылуу кемени алып өтүп кетти Америкага таандык болуп (анын желеги астында) сүзүп бараткан даниялык компаниянын контейнер ташуучу кемеси америкалык аскерлердин коштоосунда Ормуз кысыгынан өттү. Бул тууралуу даниялык TV2 телеканалы компаниянын билдирүүсүнө таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.Телеканал Жакынкы Чыгыштагы жаңжал башталган учурда (февралда) бул соода кемеси Перс булуңунан чыга албай калганын билдирген. Жакында АКШ армиясынан компанияга чыгышып, кемени Ормуз кысыгынан коштоп өтүүнү сунуштаган. "Кеме АКШ аскерлеринин коштоосунда Перс булуңунан чыгып кетти", — деп маалыматта айтылат. Судно Ормуз кысыгынан эч кандай тоскоолдуксуз өткөнүн да жазышты. 3-май күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгында камалып калган кемелерге жардам берүү максатында "Эркиндик долбоору" (Project Freedom) операциясын жарыялаган. Буга жооп катары Ирандын "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын башчысы Али Абдоллахи Тегеран АКШны Ормуз кысыгына жакындабоону эскертерин жана америкалык күчтөргө сокку урууга даяр экенин билдирген. Ирандагы абал Перс булуңундагы мамлекеттерден дүйнөлүк рынокко мунай ташылган маанилүү маршрут — Ормуз кысыгынын дээрлик бөгөттөлүшүн шарттады. Мындан тышкары, нефть казууга жана экспорттоого кедергисин тийгизип жатат. Кысыктын жабылышынан улам бир катар мамлекеттерде мунайдын баасы көтөрүлүп, кымбатчылык байкалууда.