“Арашан” эмнеге кымбат — Асыл тукум мал чарбаларды колдоо күчөтүлөт

Sputnik
Кыргызстанда Арашан кой породасын өстүрүү жана анын улуттук стандартын калыптандыруу боюнча иштер жакшырып, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Селекциялык иштер аркылуу жергиликтүү шартка ылайыкташкан, эт багытындагы жогорку продуктивдүү койлорду чыгаруу максаты коюлуп, фермерлерге сапаттуу генетикалык база түзүү аракети жүрүп жатат. Бул багыт өлкөнүн мал чарбасын жаңы деңгээлге чыгарып, экспорттук потенциалды арттырууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө. Кыргызстанда арашан породасынын популярдуулугу, наркынын жогору бааланышы, жаңы породаларды чыгаруу иши тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматтынын башкармалыгынын башчысы Мыктыбек Каландаров айтып берди.