Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ардактуу угармандар, жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар!Бишкекте Жеңиш күнүнө карата бир топ иш-чаралар өтөтЗеленский менен Миндичтин көз боемочулугу канчалык жайылганы айтылды Кумтөрдүн кызматкерлери көчкү алдында калган италиялык туристтерди аман алып калышты. Эми кененирээк токтолобуз.
Кумтөрдүн кызматкерлери көчкү алдында калган италиялык туристтерди аман алып калышты Кырсык тууралуу гиддер Кумтөр кенинин коопсуздук кызматынын диспетчердик бөлүмүнө кабарлашкан. Туристтер кенден 23 км аралыкта калган. Дрон менен кароодо алгач төрт турист табылган. Жеңил жаракат алган чет элдиктерге жеринде жардам көрсөтүлгөн. Бешинчи турист саат 16.24тө табылып, мойнунан жаракат алганы аныкталган. Чет элдиктер учурда ӨКМдин көзөмөлүндө.
Бишкекте Жеңиш күнүнө карата бир топ иш-чаралар өтөт.Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар расмий эртеңден, 6-майдан тарта, башталат. Бишкек мэриясы иш-чаралардын тизмесин берди. Алар: 6-май саат 10:30да Ч. Түлөбердиев атындагы паркта "Эскерүү оту" аттуу акция өткөрүлөт; 6-май саат 11:00дө К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда "Кызыл гвоздика — муундардын эсинде" аттуу сынак-фестивалдын гала-концерти болот; 7-май саат 10:00дө "1941–1945" жана "Түбөлүк эскеребиз" эстеликтерине гүлчамбар коюлат; 7-май саат 10:00дө Төмөнкү Ала-Арчадагы монументтин жанында митинг-реквием өтөт; 8-май саат 11:00дө "1941–1945" эстелигине гүлчамбар коюлат; 8-май саат 10:00дө Д. Асанов атындагы аскер лицейинде митинг-реквием болот; 9-май саат 09:30да Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган негизги иш-чара өтөт; 9-май саат 11:00дө Ч. Түлөбердиев атындагы паркта жоокер боткосу берилет; 10-май саат 14:00дө "Диалог" шаардык маданият үйүндө "Эстейбиз" аттуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык кече өтөт.
Зеленский менен Миндичтин көз боемочулугу канчалык жайылганы айтылды Украина энергетикасындагы коорупциялык иштин фигуранттары Тимур Миндич менен Владимир Зеленскийдин көз боемочулук аракеттери жүздөгөн миллион долларды чапчыйт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштарын иликтөө боюнча өкүлү Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды. "Миндич-Зеленский тобунун коррупциялык шылуунчулугунун кулачы кеңири жайылган. Украинага чет жактан келген жардамдын жана украин бюджетинин эсебинен жүздөгөн миллион долларга жетет", — деген ал. Мирошник бул чет элдик донорлордун "Украина менен Европаны сактап калуу үчүн" өз өлкөсүнүн бюджетинен бөлүнгөн каражат экенин эске салды. "Коррупциялык топ Украинанын энергетика тармагына эле эмес, ондогон миллиард доллар каралган бюджеттин майлуу жери — коргонуу секторуна да тырмак салган", — деди өкүл. "Украинская правда" басылмасы коррупция тууралуу чуулуу иштин баш каарманы жана Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндич ошол кездеги Украинанын коргоо министри, азыркы Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен коргонуу жаатындагы бир нече миллиондук келишимдерди талкуулаганын жарыялаган. Мирошник күзүндө Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак кызматынан алынса, эми кезек Умеровго жеткенин белгиледи. Эскерте кетсек, Украинанын антикоррупциялык бюросу 11-ноябрда өлкө энергетикасындагы коррупцияга тиешеси бар кылмыштуу топтун жети мүчөсүнө айып таккан. Булардын арасында ишкер Миндич менен бирге мурунку вице-премьер Алексей Чернышов да бар. 19-ноябрда Жогорку Рада чуулуу иште аты аталган Герман Галущенкону юстиция министри, ал эми Светлана Гринчукту энергетика министри кызматынан алган.