Зеленский менен Миндичтин көз боемочулугу канчалык жайылганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Украина энергетикасындагы коорупциялык иштин фигуранттары Тимур Миндич менен Владимир Зеленскийдин көз боемочулук аракеттери жүздөгөн миллион долларды чапчыйт. Бул тууралуу РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштарын иликтөө боюнча өкүлү Родион Мирошник билдиргенин РИА Новости жазды.
"Миндич-Зеленский тобунун коррупциялык шылуунчулугунун кулачы кеңири жайылган. Украинага чет жактан келген жардамдын жана украин бюджетинин эсебинен жүздөгөн миллион долларга жетет", — деген ал.
Мирошник бул чет элдик донорлордун "Украина менен Европаны сактап калуу үчүн" өз өлкөсүнүн бюджетинен бөлүнгөн каражат экенин эске салды.
"Коррупциялык топ Украинанын энергетика тармагына эле эмес, ондогон миллиард доллар каралган бюджеттин майлуу жери — коргонуу секторуна да тырмак салган", — деди өкүл.
"Украинская правда" басылмасы коррупция тууралуу чуулуу иштин баш каарманы жана Зеленскийдин үзөңгүлөшү Миндич ошол кездеги Украинанын коргоо министри, азыркы Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен коргонуу жаатындагы бир нече миллиондук келишимдерди талкуулаганын жарыялаган. Мирошник күзүндө Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак кызматынан алынса, эми кезек Умеровго жеткенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Украинанын антикоррупциялык бюросу 11-ноябрда өлкө энергетикасындагы коррупцияга тиешеси бар кылмыштуу топтун жети мүчөсүнө айып таккан. Булардын арасында ишкер Миндич менен бирге мурунку вице-премьер Алексей Чернышов да бар. 19-ноябрда Жогорку Рада чуулуу иште аты аталган Герман Галущенкону юстиция министри, ал эми Светлана Гринчукту энергетика министри кызматынан алган.
Евродепутат: Зеленскийдин колуна ЕБден насыя тийсе, бир бөлүгүн жакындарына берет