БИШКЕК, 4-май — Sputnik. АКШ Ормуз кысыгында калып кеткен кемелерди чыгаруу боюнча операция баштай турганын өлкө президенти Дональд Трамп соцтармагына жазды.
Анын айтымында, АКШ менен Ирандын тирешинен улам кысыкта калып калган кемелерин чыгарып берүү өтүнүчү менен Вашингтонго бир топ мамлекет кайрылган.
Операцияга эсминецтер, учактар жана 15 миң аскер кызматкери тартылмакчы. Өлкө башчысы АКШга тоскоолдук жараткандар катаал жооп аларын эскертти.
Ал арада Тегеран АКШнын Ормуз кысыгындагы кыймылга кийлигишүүсү элдешүүнүн шартын бузарын билдирди.
"Ормуз кысыгы менен Перс булуңу Трамптын алжыган билдирүүлөрү менен башкарылбайт!" — деди Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын төрагасы Эбрахим Азизи.
Белгилей кетсек, Блумберг агенттиги өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Ормуз кысыгындагы кыймыл Трамп Ирандын тынчтык планын кабыл алуудан баш тарткандан кийин биротоло токтоп калганын жазган.
АКШ президенти Ирандын абалды жөнгө салуу боюнча сунушун “кабыл алынгыс” деп тапкан болчу. Al Jazeera телеканалынын маалыматы боюнча Тегеран узак мөөнөттүү тынчтык орной турган эч этаптуу план иштеп чыккан. Ага ылайык, алгач согуштук аракеттер 30 күнгө барып биротоло токтоп, чабуул коюуга тыюу салган макулдашуу түзүлмөк.
Ирандагы абал Перс булуңундагы мамлекеттерден дүйнөлүк рынокко мунай ташылган маанилүү маршрут — Ормуз кысыгынын дээрлик бөгөттөлүшүн шарттады. Мындан тышкары, нефть казууга жана экспорттоого кедергисин тийгизип жатат. Кысыктын жабылышынан улам бир катар мамлекеттерде мунайдын баасы көтөрүлүп, кымбатчылык байкалууда.