Ташкентте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ташкент шаарында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары бул долбоор эки өлкө үчүн тең пайдалуу экенин, ал экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берерин белгилешти.
Тараптар ГЭСти куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун беренелерин бир пикирге келип, кеңири талкуулады. Макулдашыла элек жоболор боюнча сүйлөшүүлөр улантылат.
Кыргызстан үчүн аталган долбоор энегретикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экени белгиленген.
Жолугушууга байкоочу катары Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышты.
Чүйдө эки чакан ГЭС ишке берилип, ачылышына президент катышты