БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Чехия премьери Андрей Бабиш өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстандан Россия менен алакасын чектөөнү талап кылышымды өтүндү. Бул тууралуу ал TV Nova телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Астанага баратканымда Тышкы иштер министрлигинен деп документ беришти. Анда Казакстанга Россия жана Кытай менен мамилесин солгундатууну айтышым керектиги жазылыптыр. Документти мага мурунку тышкы иштер министри Ян Липавский башында турган аткаминерлер беришти. Сөз да кылгым келбейт, уят иш", — деди саясатчы.
Бабиш буга чейинки өкмөттүн тышкы саясий багытын сынга алып, өлкө кызыкчылыгына доо кетиргенин белгиледи.
Чехия премьери Астанага апрелдин соңунда барган. Өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп, экономикалык кызматташууну жана энергоресурс маселесиин талкуулаган.
Андрей Бабиш Европаны Россия президенти Владимир Путин менен Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырганы маалым. Мындан тышкары, Европа өлкөлөрүнө Москва менен диалогду жандантууну сунуштап, бул согушту токтотуунун зарыл шарты экенин белгилеген. Бабиштин айтымында, Путин менен Европанын алдыңкы мамлекеттери сүйлөшө алат.