БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Ош шаарында таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушуна даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Иштерди бүгүн шаар мэри Жанар Акаев көрүп чыккан. Курулушту кытай компаниясы ишке ашырат.
"Аталган долбоордун алкагында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү завод курулат. Бул ыкма таштандыны энергетикалык ресурс катары пайдаланууга мүмкүндүк берип, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди кыйла азайтат", — деп айтылат маалыматта.
Ош шаарында жыл сайын орто эсеп менен 252 миң тонна таштанды чыгат. Мурда ал ачык полигондордо сакталса, эми заманбап технологиялардын жардамы менен кайра иштетилип, экологиялык коопсуздук жогорулайт.
Биринчи этапта суткасына 850 тоннага чейин таштанды иштетүү мүмкүнчүлүгү каралып, саатына 30 МВт электр энергиясын өндүрүү пландалууда. Аны Энергетика министрлигинин сатып алышы каралып жатат.
Заводдун курулушуна Кытай тараптан жалпы 95 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат.