БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстанда мас болуп унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Жол милициясы маалымдагандай, Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн.
Учурда ичип алып унаа айдаган айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, үч жылдан 10 жылга чейин унаа айдай албайт. Ал эми адамдар жаракат алса же каза тапса, айыпкер 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Жол милициясы акыркы жылдары мас айдоочулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны кескин көбөйгөнүн билдирди. Бул жагдай жаза чараларын күчөтүүгө негиз болгон.