Өлкөнүн хоккей боюнча жаштар командасы Азия кубогунда күмүш медалга ээ болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкекте 18 жашка чейинкилер арасында хоккей боюнча Азия кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
3-майда Nomad Arena муз аянтчасында өткөн мелдештин финалында кыргызстандыктар Өзбекстандын командасына 2:3 эсебинде утулуп калышкан. Ал эми III орунду Монголиядан келген курама алды.
Эл аралык турнирге Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Монголия жана Индия мамлекеттеринин командалары катышкан. Мелдештер курч атаандаштыкта өтүп, жаш хоккейчилердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөткөнү белгиленди.
Ысык-Көлдө үч миңге чукул жөө күлүк катышкан марафон өтүүдө. Видео