Захарова АКШ РФ дипломаттарынын балдарына жарандык таңуулап жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Мамлекеттик департамент "туулган жер укугун" шылтоолоп АКШнын юрисдикциясында төрөлгөн россиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин балдарына Америка жарандыгын таңуулоодо. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "Ведомости" гезити үчүн жазган макаласында билдирди.
"Мамдепартаментпи, айтор, америкалык дипломатиянын артында тургандар россиялык өкүлчүлүктө иштеген кызматкерлердин АКШнын юрисдикциясында жарыкка келген балдарына жарандыгын күчтөп таңуулап жатышат. Буга АКШ Конституциясында каралган "туулган жер укугу" жана консулдук иммунитеттин чектелүүлүгү себеп имиш", — деди Захарова.
Өкүлдүн айтымында, мажбурлоо Дональд Трамп бийликке келгенге чейин эле 2023-жылы башталган. Захарова мындай аракет мигранттардын агымы менен күрөшөрүн айткан Трампты жаманатты кылуу үчүн жасалганын боолголоду.
ТИМ өкүлү бул убакыт аралыгында АКШ Баш мыйзамына да, эки өлкөнүн дипломатиялык жана консулдук мамилелери тууралуу конвенциясына да эч кандай өзгөртүү кирбегенин белгилеген. Захарова жарандык таңуулоо процесси Москва менен Вашингтондун ортодогу мамилени жакшыртуу аракети күчөгөн маалда жасалып жатканына көңүл бурду.
Ал чет элдик дипломаттардын балдарынын жарандыгы боюнча пункт АКШнын ички нормативдик эрежесинин дээрлик баарында каралганын билдирди. Өкүлдүн айтымында, бул документтерде дипломаттардын балдары "туулган жер укугу" боюнча жарандык албайт, себеби иммунитке ээ болуп, жүргөн өлкөнүн юрисдикциясына толук кандуу баш ийбейт.
Захарова: Батышта дүйнөлүк элита катышкан иш иликтенбейт, буга Эпштейн мисал