5-майга карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Таласта +19...+24, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын регионунда +14...+19 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт, күндүз ала булут каптап турат. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23...+25, Ош калаасында +25…+27 градуска жетет.
4-10-май ичи жаан-чачын көп болот. Бир аптанын аба ырайы