Ишкерликте так түзүлгөн план, көп жылдык стратегия жана ар бир тыйынына чейин эсептелген аналитика болбосо канчалык каражатың көп, идеяң жаркын болсо да ийгилике жетүү мүмкүн эмес. Бизнести баштап алган уурда да мындай абалда ал көпкө узабайт. Көп ишкерлер мына ушул жерден ката кетиришет. Алар ал тармакта жасап алган азын-оолак тажрыйбасына таянуу менен “көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп компаниясын илгерилеткенге аттанышат. Бирок канчалык максатың чоң болсо, ошончолук жоопкерчилик да күчөгөндөй бул жерде терең анализ жана теория да керек.
Андыктан бизнес ээлери бул учурда бизнес консультанттардын кызматынан колдонгону дурус. Ал ишкердин идеясын ишке ашыруу канчалык мүмкүн экенин андагы тобокелчиликтер менен мүмкүнчүлүктөрдү терең изилдеп, илимге жана тажрыйбага негизделген бизнес план бере турган киши.
Биз бүгүн кыргыз коомундагы чакан жана ири бизнесте бизнес кеңешчилердин орду, сунуштаган кызматтары, потенциалдары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу экономист-изилөөчү Улукман Мамытов менен маек курдук.