Климакс — табигый процесс болгону менен, ал организмде олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратат жана айрым учурларда ден соолукка таасирин тийгизиши мүмкүн. Дарыгер климакстын белгилери, анын кооптуулугу, ошондой эле остеопороз сыяктуу оорулардын пайда болуу коркунучу тууралуу айтты. Мындан тышкары, аялдар бул мезгилди кантип жеңилирээк өткөрө ала турганы, туура тамактануу, жашоо образы жана дарылоо жолдору боюнча пайдалуу кеңештерди берди. Төрөт климаксты токтотот же кечеңдетет деген туура эмес. Ал организмге жараша өз убагында болот. Айрым учурда менопаузанын башталышында да бойго бүтүп калышы мүмкүн экен. “Ачык кеп” программасында Чолпон Авазова климакстын эрте да, кеч келгени да зыян экенин айтты.Бул маек аялдарга ден соолугуна көңүл бурууга жана климакс мезгилин туура кабыл алууга жардам берет.