иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Бул сапар Сейшел Аралдарынын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Кыргызстанга эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы алгачкы сапары экени белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Сейшел Аралдарынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Сапардын алкагында жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жолугушууларды өткөрүү да пландалууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо тутумунун актуалдуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын ишине жана калкты дары-дармек менен камсыздоого байланыштуу маселелер, ошондой эле тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо боюнча чаралар каралды. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
2026-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган. “Битум менен 15 000 тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилүүдө”, - деп айтылат маалыматта. Жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.
Мамлекеттик департамент "туулган жер укугун" шылтоолоп АКШнын юрисдикциясында төрөлгөн россиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин балдарына Америка жарандыгын таңуулоодо. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова "Ведомости" гезити үчүн жазган макаласында билдирди. "Мамдепартаментпи, айтор, америкалык дипломатиянын артында тургандар россиялык өкүлчүлүктө иштеген кызматкерлердин АКШнын юрисдикциясында жарыкка келген балдарына жарандыгын күчтөп таңуулап жатышат. Буга АКШ Конституциясында каралган "туулган жер укугу" жана консулдук иммунитеттин чектелүүлүгү себеп имиш", — деди Захарова. Өкүлдүн айтымында, мажбурлоо Дональд Трамп бийликке келгенге чейин эле 2023-жылы башталган. Захарова мындай аракет мигранттардын агымы менен күрөшөрүн айткан Трампты жаманатты кылуу үчүн жасалганын боолголоду. ТИМ өкүлү бул убакыт аралыгында АКШ Баш мыйзамына да, эки өлкөнүн дипломатиялык жана консулдук мамилелери тууралуу конвенциясына да эч кандай өзгөртүү кирбегенин белгилеген. Захарова жарандык таңуулоо процесси Москва менен Вашингтондун ортодогу мамилени жакшыртуу аракети күчөгөн маалда жасалып жатканына көңүл бурду.