Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары

Sputnik
Кыргызстан табияты өзүнүн өзгөчө кооздугу жана байлыгы менен айырмаланат. Анын ичинде жапайы жоогазындар өзгөчө орунду ээлейт. Адистердин айтымында, дал ушул Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан, дүйнөдөгү жоогазындардын мекени болуп саналат. Бирок акыркы жылдары бул кооз гүлдөр жоголуп кетүү коркунучуна кептелип, алардын саны улам азайып бара жатат. Жапайы жоогазындардын азайышына климаттын өзгөрүшү, адам фактору жана экологиялык көйгөйлөр себеп болууда. Бул болсо жаратылыштын тең салмактуулугуна гана эмес, биологиялык ар түрдүүлүккө да олуттуу таасирин тийгизет. Бүгүн биз жапайы жоогазындардын азыркы абалы, аларды сактап калуу жолдору жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кененирээк сүйлөшөбүз. Маегибиздин коногу Дүйнөлүк жаратылышты коргоо уюмунун жапайы жоогазындар боюнча адистер тобунун тең-төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Ормон Султангазиев суроолорубузга жооп берди.