Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Европа украиндерди арзан күч катары колдонуп, жөнөкөй адамдар курман болууда

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Европа өлкөлөрүнүн башчылары украиндерди Россияга каршы арзан аскердик күч катары колдонуп, согушту созгон сайын жөнөкөй украиндар курман болот берет. Бул туурасында Berliner Zeitung басылмасы жазды.
"Батыштын Украинадан согушту улантууну талап кылышы тилектештиктин белгиси эмес, тескерисинче, бул өлкөнү Европанын коопсуздугу үчүн колдонуу аракетиндей көрүнөт. Украинага барган сайын Россия менен кармашта аскердик подрядчик катары мамиле жасалууда", — деп макалада айтылат.
Автордун айтымында, европалык лидерлердин жаңы аскерге алынган украиналыктардын көбү фронтко мажбурлап жөнөтүлгөнүнө башы деле оорубайт. Андан сырткары, Киевдин элиталык бийлиги Россия менен жаңжалды өз кызыкчылыгы үчүн колдонууда.
"Согуш аракеттери канчалык узакка созулса, катардагы украиндер ошончолук көп курман болот", — деп жыйынтыкталат макалада
Украинанын армиясы соңку учурлары аскердин жетишсиздигине тушукту. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр жана нааразылык менен коштолуп келет. Кызмат өтөө курагындагы жарандардын кандай жол менен болсо да мобилизациядан качууга жасаган аракети боюнча видеолор интернет айдыңында абдан көп. Алар өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен, аскердик комиссариаттарды өрттөгөн, көчөгө чыкпай үйдө жашынып жаткан учурлар арбын кездешет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада ВИЧ менен ооругандар өзүнчө полкко мобилизацияланып жатканы айтылды