БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Дональд Трамптын Киев бийлигинин аракеттерине берген баасы окшош, себеби аны башкача баалоо кыйын. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал "Вести" маалымат ресурсунун автору Павел Зарубинге берген комментарийинде, Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөндө Киев бийлигинин жасап жаткан иштерине окшош пикирлерин билдиришкенин ырастады.
"Алар окшош. Негизинен эле Киев бийлигинин иштерине башкача, ар кандай баа берилишин элестетүү кыйын", — деп белгиледи Песков.
Шаршемби күнү Путин менен Трамп телефондон сүйлөштү. Бул Трамптын 2025-жылы президенттик кызматка киришкенден берки 12-сүйлөшүүсү болду.