Сүйүү баяны жана келиндик турмушу. Ырчы Нурайым Акылбекованын маеги

Sputnik
Алты жыл мурда 15 жаштагы кыздын аткаруусундагы "Жалгызымсың" ыры интернетти дүңгүрөткөн. Тунук үнү, жүрөккө жеткен аткаруусу менен угармандардын жүрөгүн багындырган. Ошондон бери Нурайым Акылбекова чыгармачылыкта өсүп, жаңы ырларды жаратып, бир катар клиптерди тартууга жетишти. Учурда ал чыгармачылыгын улантып, жеке жашоосунда да өзгөрүүлөр болгон.
Интервью учурунда ал жолдошу менен таанышкан күндү эскерип, тамаша катары айтылган сөз кантип чыныгы сүйүүгө айланганын айтып берди. Ошондой эле турмушка чыгуу чечимин кандай кабыл алганын жана көпчүлүк билбеген сөйкө салуу окуясын бөлүштү.
Мындан тышкары, Нарынга келин болуп барган алгачкы күндөрү, элдин көңүл борборунда болуу канчалык кыйын болгонун жана кызыктуу учурларды айтты. Маекте махр маселеси жана кайын энеси менен мамилеси туурасында да сөз болду.
Тема боюнча:
— Кудайдан бир эле нерсе тилейм... Султан Садыралиевдин маеги
Сахнага чыкканда президент колдогондой сезилген. Ырчы Элера Кабылжан кызынын маеги