Куба лидери АКШнын куралдуу күчтөр менен коркуткан опузасына жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ тараптан аскердик коркунуч күчөгөнүн билдирип, өлкө эли көз карандысыздыгын коргоого даяр экенин X социалдык тармагына баса белгилеп жазды.
Лидер басым көрсөтүү буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин айтты.
"АКШ президенти Кубага каршы аскердик агрессиясын болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүүдө... Дүйнө коомчулугу америкалык эл менен биргеликте мындай кылмыштуу аракетке жол берилеби же жокпу, аныкташы керек", — деп Диас-Канель жазган.
Маалыматтарга ылайык, АКШ Кубага койгон талаптарын күчөтүп, мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү, чет элдик инвестицияларды көбөйтүүнү жана Америкадан энергия ресурстарын сатып алууга мажбурлап жатат.
Мындан тышкары, АКШнын президенти Дональд Трамп Кубага байланышкан айрым адамдар жана компаниялар менен жүргүзүлгөн каржы операцияларына чектөө киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле ал USS Abraham Lincoln (CVN-72) атомдук кемесин Кубанын жээктерине жөнөтүүнү караштырып жатканын билдирген.
Эске салсак, январдын соңунда Трамп Кубага мунай берген мамлекеттерге бажы төлөмүн киргизип, жазалоочу жарлык чыгарган. Ал жактан улуттук кооптуулукка коркунуч жаралып жатат деген шылтоо менен өзгөчө абал жарыялаган.
Ошондон тарта аталган мамлекет отун каатчылыгында калды. Мындан улам аралда электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп, аны нааразылыктар коштоп келет. Өкмөт Вашингтон энергетикалык жактан кысып, Куба экономикасын муунтуп, элдин жашоосун кыйынчылыкка кептегиси келгенин айтууда. Марттын соңунда россиялык "Анатолий Колодкин" танкери Кубага 100 000 тонна гуманитардык жардам жеткирген.
Трамп Кубаны басып алуу намыстын иши экенин айтты