БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдигине электрондук транспорттук жүк кагаздарын (e-CMR) колдонуу боюнча сынамык долбоор ишке эми ашырылууда. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти.
Долбоордун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жүк ташуучулары 2026-жылдын I жарым жылдыгында алгачкы каттамдарга чыгат.
Бул долбоорду убакытты үнөмдөп жана убаракерчиликти азайтат дешкен. Тагыраагы, аны иш жүзүндө колдонуу транспорттук кагаздарды алуу жана текшерүү чараларын ылдамдатып, транспорттук-логистикалык жактан жана көзөмөлдөп текшерүү иштериндеги чыгымдарды төмөндөтмөкчү.