БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Баткен районуна жаратылыштык шарттардан улам Өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Кечээ Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков жолунун 280-чакырымында каттам убактылуу жабылган. Учурда жол кайра ачылды.
Мындан тышкары, Баткен районунун Үч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) эвакуацияланды.
"Түзүлгөн кырдаалды тактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Баткен районунун аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди", — деп айтылат таратылган маалыматта.