БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. "Кыргыз гидрометеорология" кызматы бир аптага карата, тагыраагы, 3-10-майга аба ырайынын божомолун таратты.
Чүй облусу
4-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
5-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, күн күркүрөп, тоолорго кар түшүшү күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жамгыр, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт.
6-майда түнкүсүн жана күндүз тоолуу райондордо жамгыр, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт.
7–8-майларда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
8-май күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.
9-майда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз айрым жерлерде өткүн өтсө, тоолорго кар түшөт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн.
Бийик тоолуу жолдордо муз тоңушу ыктымал.
Бишкек шаары
4-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
5-майда асманды ала булут каптап, жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
6–8-май жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
10-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Талас облусу
4-майда аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшүп, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын болот.
5-майда айрым жерлерде жамгыр төгүп, күн күркүрөйт да, бийик тоолорго кар жаайт.
6–8-майда жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшөт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшөт.
Бийик тоолуу аймактын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
Ош облусу
4-майда аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондоргдо кар түшсө, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын болот.
5-майда айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт.
6–7-май жана 8-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
8-май күнү тоолуу райондордо өткүн өтөт.
9-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. 10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшөт.
Бийик тоолуу аймактын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
Ош шаары
4-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
5-майда асманды ала булут каптап, жаан-чачын болушу күмөн.
6–9-май жана 10-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
10-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Жалал-Абад облусу
4-майда аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшөт, түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
5-майда айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн.
6–8-май жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолордо кар жаайт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолордо кар күтүлөт.
Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
Баткен облусу
4-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерде кар түшүшү күтүлөт.
5-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.
6–8-май жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолорго кар жаайт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, күн күркүрөйт, тоолорго кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
4-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт. Жаан-чачын күтүлөт.
5-майда аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр төгүп, бийик тоолорго кар жаайт.
6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жамгыр төгүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт.
7-майда айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн.
8-май жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар жаайт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
Нарын облусу
4-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
4-май күнү жана 5-майда аймактын көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр төгүп, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт.
6-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт.
7-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолорго кар түшүшү күтүлөт.
8-май жана 9-майдын түнү жаан-чачын болбойт.
9-май күнү айрым жерлерде өткүн, күн күркүрөйт, тоолорго кар жаайт.
10-майда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр төгөт, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшөт.
Бийик тоолуу аймактардын жолдорунда муз тоңушу мүмкүн.
11–12-майга алдын ала божомол
Айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолорго кар түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.