Баткен районуна жаратылыштык шарттардан улам Өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты. Кечээ Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков жолунун 280-чакырымында каттам убактылуу жабылган. Учурда жол кайра ачылды. Мындан тышкары, Баткен районунун Үч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) эвакуацияланды. "Түзүлгөн кырдаалды тактоо жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Баткен районунун аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Жаратылышка, тоого чыгып, андан соң таштандыны туш келди ыргыткандарды эми дрон менен таап, карап турушат. Бул туурасында Экология жана техникалык көзөмөл кызматы эскертти. Эгерде мындай факт катталса, 23 000 сомго чейин айып төлөшөт. "Тазалыкты сактаңыз! Таштандыларды башаламан ыргытуу үчүн мыйзам чегинде жаза каралган. Жаратылышты аяп, тазалыкты бирге сактайлы!" — деп мекеме элге кайрылган. Алар дрондон көзөмөлдөө май айындагы эс алуу күндөрүндө өзгөчө күчөтүлгөнүн кошумчалашты. Буга чейин президент Садыр Жапаров да тоо аралап, таштанды чогултуп, эс алуучуларды аны туш келди ыргытпоого, табиятка аяр мамиле жасоого чакырган.
Россиянын президенти Владимир Путин Бишкектин түштүгүндө Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу тууралуу макулдашууну ратификациялады. Тиешелүү документ расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды. Россия менен Кыргызстан ортосундагы макулдашууга өткөн жылдын 26-ноябрында кол коюлган. РФ тарап кампусту долбоорлоо, куруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өзүнө алат. Ал эми Кыргызстан кеминде 30 гектар жер бөлүп берүүгө жана кампусту инженердик тармактарга туташтырууга милдеттенди. Кыргыз тарап макулдашууну апрелдин башында ратификациялаган. Мыйзамды мартта парламент кабыл алган. Кампус 15 миң студентке ылайыкталат. Анда окуу корпустары, жатаканалар жана медициналык кластер болот.
Германияда бюджеттик каражаттардын тартыштыгына карабай жарандык инфраструктураны согуш чыгып кетиши ыктымал деген сценарийге ылайыктап, даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, Балтика деңизинин жээгиндеги Бременхафен портунда баасы 1 миллиард 35 миллион еврону түзгөн ири модернизациялоо долбоору башталды. Автоунааларды ташууга адистешкен Европанын эң чоң бул портун мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаңылоонун негизги максаты — жүктөө платформаларын бекемдөө болуп саналат дешти. Аскердик техникаларды, анын ичинде 60 тонналык Leopard танкаларын келечектеги кармашка тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн аталган платформаны даярдап жатканы айтылды. Bloomberg агенттиги баса белгилегендей, бул долбоор — Германиянын кокус согуш чыгып кетсе деп саксактап, болушунча көргөн даярдыгынын бир бөлүгү. Басылманын маалыматына караганда, Европа аймагында куралдуу кагылышуу чыгып кетсе Германия өзүнүн географиялык жайгашуусу жана өнүккөн өнөр жайы аркылуу стратегиялык маанилүү ролду ойнойт. Бирок армиянын бул долбоорду өз алдынча каржылоого каражаты жетишсиз болгондуктан, Германия бийлиги жеке сектордон жардам суроого мажбур болууда. Bloomberg ошол эле учурда компаниялар менен кызматташуу бюрократиялык тоскоолдуктар жана тараптардын ортосунда түз байланыштын жоктугунан улам аксап жатканын да жазган.