БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жаратылышка, тоого чыгып, андан соң таштандыны туш келди ыргыткандарды эми дрон менен таап, карап турушат. Бул туурасында Экология жана техникалык көзөмөл кызматы эскертти.
Эгерде мындай факт катталса, 23 000 сомго чейин айып төлөшөт.
"Тазалыкты сактаңыз! Таштандыларды башаламан ыргытуу үчүн мыйзам чегинде жаза каралган. Жаратылышты аяп, тазалыкты бирге сактайлы!" — деп мекеме элге кайрылган.
Алар дрондон көзөмөлдөө май айындагы эс алуу күндөрүндө өзгөчө күчөтүлгөнүн кошумчалашты.
Буга чейин президент Садыр Жапаров да тоо аралап, таштанды чогултуп, эс алуучуларды аны туш келди ыргытпоого, табиятка аяр мамиле жасоого чакырган.