Путин Бишкекте КРСУнун кампусун куруу боюнча макулдашууну ратификациялады

Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкектин түштүгүндө Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусун куруу тууралуу макулдашууну ратификациялады. Тиешелүү документ расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды.
Россия менен Кыргызстан ортосундагы макулдашууга өткөн жылдын 26-ноябрында кол коюлган. РФ тарап кампусту долбоорлоо, куруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону өзүнө алат.
Ал эми Кыргызстан кеминде 30 гектар жер бөлүп берүүгө жана кампусту инженердик тармактарга туташтырууга милдеттенди.
Кыргыз тарап макулдашууну апрелдин башында ратификациялаган. Мыйзамды мартта парламент кабыл алган.
Кампус 15 миң студентке ылайыкталат. Анда окуу корпустары, жатаканалар жана медициналык кластер болот.
КРСУнун Бишкектеги жаңы кампусу кандай болот. Эскиздер