Президент ЖОЖ менен колледждердеги окуу акысын көтөрүүгө тыюу салды

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берген окуу жайларга студенттер төлөгөн акыны жогорулатууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул кадам билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандарды социалдык жактан коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында жасалганы айтылган.
Бул 2026–2027-окуу жылга тиешелүү болмокчу.
Сырттан окуу формасы жоюлуп, чет элдик студенттер үчүн кабыл алуу борбору түзүлөт