Bloomberg: Германия болуп кетчү согушка даярданып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Германияда бюджеттик каражаттардын тартыштыгына карабай жарандык инфраструктураны согуш чыгып кетиши ыктымал деген сценарийге ылайыктап, даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Балтика деңизинин жээгиндеги Бременхафен портунда баасы 1,35 миллиард еврону түзгөн ири модернизациялоо долбоору башталды. Автоунааларды ташууга адистешкен Европанын эң чоң бул портун мамлекеттик бюджеттин эсебинен жаңылоонун негизги максаты — жүктөө платформаларын бекемдөө болуп саналат дешти. Аскердик техникаларды, анын ичинде 60 тонналык Leopard танкаларын келечектеги кармашка тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн аталган платформаны даярдап жатканы айтылды.
Bloomberg агенттиги баса белгилегендей, бул долбоор — Германиянын кокус согуш чыгып кетсе деп саксактап, болушунча көргөн даярдыгынын бир бөлүгү.
Басылманын маалыматына караганда, Европа аймагында куралдуу кагылышуу чыгып кетсе Германия өзүнүн географиялык жайгашуусу жана өнүккөн өнөр жайы аркылуу стратегиялык маанилүү ролду ойнойт.
Бирок армиянын бул долбоорду өз алдынча каржылоого каражаты жетишсиз болгондуктан, Германия бийлиги жеке сектордон жардам суроого мажбур болууда. Bloomberg ошол эле учурда компаниялар менен кызматташуу бюрократиялык тоскоолдуктар жана тараптардын ортосунда түз байланыштын жоктугунан улам аксап жатканын да жазган.
Эске салсак, Рейтер агенттиги АКШ жакынкы 6-12 айдын ичинде Германиядан беш миң аскерин чыгарып кетет деген маалыматты таратты.
Ал эми Politico басылмасы АКШ президенти Дональд Трамп менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер өтө курчуп баратканын жазууда.
"Трамптын акыркы чечимдери анын европалык өлкөлөрдү "жазалоо" каалоосун ырастады. Америкалык лидердин администрациясы менен европалык өнөктөштөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктер эми чечилгистей сезиле баштады", — деп айтылат анда.
Германия апрель айында өзүнүн тарыхында биринчи жолу расмий түрдө аскердик стратегиясын бекитти. Документте 2039-жылга чейин Европадагы эң кубаттуу армияны түзүү максаты коюлган. Стратегияда Россия "негизги коркунуч" катары аныкталган. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Германиянын бул аскердик концепциясын Европанын Москвага каршы тирешүүсүнүн эң жогорку чеги деп атаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мерц менен Трамп жаакташууда. Украина үчүн кесепети боолголонуп жатат