Ысык-Көлдө үч миңге чукул жөө күлүк катышкан марафон өтүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында ШКУнун алкагында жыл сайын уюштурулуучу Run the Silk Road марафону өтүп жатат.
Буга чейин иш-чарага 20 өлкөдөн келген үч миңдей адам катыша турганы айтылган. Жөө күлүктөр үч чакырымдан 42,2 чакырымга чейинки ар кандай аралыкка чуркашууда.
Спорт агенттиги марафондун максаты эл аралык мамилелерди спорт аркылуу бекемдөө экенин белгиледи.
Бишкекте мэр баштаган велосипедчилер, үй-бүлөлөр жазгы жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр