Россия менен Кыргызстандын билим берүү министрлери жолукту. Эмне кеп болду

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Уфа шаарында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов жана Башкыртстандын башчысы Радий Хабиров жолукту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кравцовдун демилгеси менен уюштурулган жолугушуу Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинде өттү.
Министрлер университеттин Технопаркын көрүп, анын долбоорлору менен таанышкан. Ошондой эле "Манас-Урал" кыргыз маданият жана билим берүү борборунда кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын билим берүү кызматкерлери үчүн уюштурулган окууга катышып жаткан педагогдор менен да жолугуп, сүйлөшкөн.
Мындан сырткары, Кыргызстанда курулуп жаткан тогуз мектептин курулуш иштери боюнча жыйын да өттү. Анда мазмундук багыты, 12 жылдык билим берүүгө багытталган орус тилиндеги окуу китептерин жаңы талаптарга ылайыктоо жана педагогдорду даярдоо маселелери талкууланган.
"Манас бурчу" Россиянын Борбордук китепканасына коюлат