Бишкек: согуш ардагерлерин боордоштор көрүстөнүндө эскеришип, ага РФ элчиси катышты

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Борбор калаадагы "Кызыл-Аскер" боордоштор көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары эскерилип жана ал жайга өткөрүлгөн ишембиликке РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов катышты.
Ал Кыргызстанда да, Россияда да Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесин эскерип, аяр мамиле жасаша тургандыгына токтолду.
Дипломат согуштун каармандары жашырылган жайга жана эстеликтерине сый мамиле жасоо ошол мамлекеттин өзүнүн тарыхы менен баатырларына карата көрсөткөн урматы экенин белгиледи.
Ардагерлердин сөөгү коюлган боордоштор көрүстөнүндөгү иш-чарага келгендер алардын элестерин эскерген бир мүнөттүк аза мүнөтүнөн соң куран окушту.

"Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында маанилүү ролду ойногон. Бул жерге жаракат алган аскерлерди, фашисттер үй-жайын өрттөп, баш калкасыз, жакындарысыз калган балдарды, карыларды эвакуациялашкан. Алардын айрымдары Кыргызстанда жашап, үй-бүлө күтүп, калып калышкан",— деди Вакунов согуштун аякташынын 81 жылдыгына арналган митинг-реквиемде.

Ал кыргызстандыктардын апааттуу алааматтагы ролун баса белгиледи.
"Кыргызстан согуш жылдарында 37 293 ажарадар жоокерди кабыл алган. Ал учурда дарыгерлер, тажрыйбалуу хирургдар аз болчу. Буга карабастан жергиликтүү медиктер биргеликте натыйжалуу иш алып барган. Ошто 1941-жылы бир жылда болгону 30 операция жасалса, бул көрсөткүч 1944-жылга карата 1500гө жеткен. Жаракат алган жоокерлердин жарымынан көбү дарылануудан кийин кайрадан майданга аттанган", — деди Сергей Вакунов.
Ишембиликте алар көрүстөндөгү такталарды сырдап, тазалап, аймагын иретке келтиришти.
Бишкек мэриясы "Өчпөс полк" жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берди