Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлардын лицензиясын соттун чечимисиз кайтарып алуу боюнча сунушталган мыйзам долбоору талкууланды. Демилгенин максаты — лицензиялык талаптарды бузган окуу жайларга ыкчам чара көрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттердин укуктарын коргоо болуп саналат. Ошондой эле өлкөдө жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын санынын өсүшү, лицензиялоо системасындагы көйгөйлөр жана сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн күтүлгөн натыйжалары тууралуу маалымат берилди. “Ачык кеп” программасынын мейманы Руслан Закиров учурдагы жогорку окуу жайларындагы кемчиликтер, окутуунун сапаты тууралуу айтып берди.