Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте мэр баштаган велосипедчилер, үй-бүлөлөр жазгы жүрүшкө чыкты.1000 сом менен Нарынга учууга болот: ички каттамдарга убактылуу акция башталдыМанас шаарында сел жүрүп, турак жай жана соцобъекттерди каптадыКүн мурун, 30-апрелде түнкү саат 22:00дөр чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун жана 4 социалдык объектини каптаган. ӨКМден билдиришкендей, Манас шаардык жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеринде сел кырсыгынын деңгээлин жана келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда турак жайлардан сел калдыктарын чыгаруу, аймактарды тазалоо жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жетекчилиги астында түзүлгөн ыкчам штаб тарабынан координацияланууда. Бул иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер жана 24 техника тартылган. Мындан тышкары, белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, иштер улантылууда.
Бүгүн борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтүп, ага шаар мэри Айбек Жунушалиев баш болгон 2000ге чукул киши катышты. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.Веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар "Газпром — балдарга" деп аталган дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагына чейин уланды. Алар 5,5 чакырымды басып өттү. Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөсү менен шаардыктар да келип катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду. Иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар башчысы мэрия спортту өнүктүрүүнү туруктуу колдоп, велосипедчилер үчүн шарттарды түзүп жатканын, Бишкектеги веломаданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар катышуучуга кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык тапшырды. Коопсуздукту сактоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Тез жардам жана ыктыярчылар кызмат кылды.
“Кыргызстандын аэропорттору” ААК жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек багыты боюнча атайын акциялык кампания башталганын билдирди. Маалым болгондой, 1-майдан тарта жүргүнчүлөр үчүн бир тарапка 1000 сом өлчөмүндөгү туруктуу тариф киргизилет. Бул борбор менен Нарын облусунун ортосундагы аба каттамдарын кыйла жеткиликтүү кылат. Ошондой эле бул демилге аймактар ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана алыскы региондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Акция 2026-жылдын 31-июлуна чейин уланат.
Россия НАТО жана Евробиримдиктин Калининградды чектеп, курчоого алуу аракеттеринин кайсынысына болбосун чечкиндүү жооп кайтарат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Артем Булатов РИА Новостиге берген маегинде билдирди. "Мындай ачык билдирүүлөргө өтө олуттуу мамиле кылабыз. Тилекке каршы, өз өлкөлөрүн кандай аскердик жана саясий тобокелчиликке кептеп жатканын такыр аңдабаган, "өзүн-өзү жок кылуучу" тактикалык пландардын авторлору тууралуу минтип айтууга болбойт", — деген ал. Дипломат Владимир Путиндин Калининград облусун обочолонтууга аракет жасалса абал мурда болуп көрбөгөндөй чыңаларын эскерткени алар үчүн маанилүү ишарат болушу керек деп атады.