"Түндүк" жаңырды: кыргызстандыктар үчүн кайсы жаңы кызматтар жеткиликтүү болду

Sputnik
Санариптештирүү бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү жана ыкчам кылуунун негизги куралына айланды. "Түндүк" платформасы аркылуу жарандар бир катар кызматтарды үйдөн чыкпай эле ала баштады. Акыркы жаңыртуулар менен бул система дагы кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Бул өзгөрүүлөр жарандардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этти — ушул тууралуу “Түндүк” ААКнын ведомстволор аралык санариптик чечимдерди башкаруу департаментинин координатору Гүлниза Оморкулова менен маек курдук.