1-май — Эмгекчилердин эл аралык тилектештиги күнү. Бүгүнкү күндө эмгек укуктарын коргоо маселеси өзгөчө актуалдуу бойдон калууда. Кызматкерлердин коопсуздугу, адилеттүү эмгек шарты жана укуктарынын сакталышы — коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү. Бул багытта профсоюздардын ролу зор. Алар кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы көпүрө болуп, укуктук колдоо көрсөтүп келет. "Күн башат" уктуруусунда кесиптик бирликтердин бүгүнкү ишмердүүлүгү, жаңылыктары жана алдыдагы пландары тууралуу Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары Ализа Солтонбекова менен маек курдук.